Москванын Сирия президенти Башар Асадга каршы оппозициялык топтордун баарын “террорист” аташы АКШ-Орусия аскерий кызматташтыгын оорлотууда. Бул тууралуу 17-февралда Бонндогу “Чоң жыйырмалыктын” жыйынында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон билдирген.
Тиллерсондун сөзүн чечмелеген дипломаттардын бири Рейтер агенттигине “Ал орустар бардык оппозициячылар террорист эмес экенин кабылдамайынча аскердик кызматташуу болбосун так ишара кылды”, дейт.
АКШнын мамлекеттик катчысы Сирия жаңжалын сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча БУУнун аракетин колдорун белгилеген. БУУнун колдоосу астында 23-февралда Женевада Сириядагы жаатташкан тараптардын сүйлөшүүсү белгиленген.
Тиллерсондун турумун Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро да туура таап, “Андай болбосо Женевада да эч кандай талкуу болбойт” деди.
Орусия, Түркия кепилдиги астында Сириядагы тынчтык режими декабрдын аягынан бери олку-солку абалда сакталып, тынчтык сүйлөшүүлөрү эки ирет Астанада өттү. Бирок немис тышкы иштер министри Зигмар Габриэл тилектеш өлкөлөр Сирия сүйлөшүүсү альтернативасыз, БУУ камкордугу астында гана өтүшү керек деген чечимге келишкенин билдирүүдө.