АКШ вице-президенти Майк Пенс Кошмо Штаттары Европанын “азыр жана дайыма эң зор союздашы” болорун 18-февралда Мүнхендеги коопсуздук жыйынында билдирди.
Пенс Трансатлантикалык ажырагыс мамиле “курал күчү” үчүн эле эмес, жалпы баалуулуктар жана принциптер: эркиндик, демократия, акыйкаттык жана мыйзам үстөмдүгүнүн алкагында түзүлгөнүн белгиледи.
Ал ошондой эле президент Трамптын билдирүүсүн жарыялады. Анда “Америка Кошмо Штаттары НАТОну чечкиндүү колдойт жана колдоодон тайсалдабайт” делет.
Пенс Трамптын НАТОну каржылоо жүгүн бөлүшүү боюнча европалык өнөктөштөрүнө чакырыгын дагы кайталады. Альянстын беш гана мүчөсү ички дүң жыйымынын 2% коргонууга жумшарын, калган өлкөлөр андай максат кое электигин кошумчалап, “каржыны көбөйтүүгө убакыт келди” деди.