Мындай маалыматты каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев министрликтин коллегиясында билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын экономикалык өсүшү алдын ала 5,2% деп болжолдонгон, бирок макроэкономикалык көрсөткүчтөр төмөндөөсүнө жана салык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу өсүш 3,8%, тагыраагы 458 млрд сомду түздү. 2015-жылы бул көрсөткүч 430,5 млрд сом болгон.
Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 124,116 млрд сом болуп, болжолдонгон көрсөткүчтүн 94,8% түздү. Чыгаша бөлүгү 132,331 млрд сом болду. Бул алдын ала болжолдун 94,7% жетти. Бюджеттин дефицити 20 млрд 925 млн сомду түздү деп маалымдайт Каржы министрлигинин басма сөз кызматы.(ZKo)