Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

Чаткалда кар көчкүнү тазалоо убактылуу токтотулду


Буга аба ырайынын кескин өзгөрүүсү себеп болду. 17-февралда Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка жолуна көлөмү 20 000 м3 кар көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жол жабылган эле. 17-февраль күнү Чаткал районунун акими атайын буйрук чыгарып, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка жана Красная-Горка-Ак-Таш жолдорун жапкан. Жол жабылганынан улам, Чаткалга жиберилген гуманитардык жардам жүктөлгөн автоунаа учурунда жете албай, Таш-Көмүр шаарына кайтып келгени кабарланууда. Ал эми экинчи автоунаа Терек-Сай айылында кармалып турат, жол ачылары менен Каныш-Кыяга сапар алат деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Өткөн аптанын аягында кардын көп жааганына байланыштуу, Чаткал районунун айрым айылдарында кардын бийиктиги 2 метрге чейин жеткен. Ушундан улам бул айылдарга өзгөчө кырдаал киргизилип, мектеп, бала бакчалар ишин токтоткон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG