Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

Лавров Мүнхендеги айыптоолорго жооп берди


Сергей Лавров
Сергей Лавров

Мүнхендеги айрым батыш саясатчыларынын билдирүүлөрү кансыз согуш али бүтпөгөндөй элес калтырды. Мындай мазмундагы пикирин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 18-февралда Мүнхендеги коопсуздук жыйынында билдирди.

НАТОнун Европа Чыгышындагы кулач жаюусу чыңалууну күчөттү деген айыптоосун дагы кайталады. “Чочулоону жана күмөн саноону жоготуу үчүн аскердик кызматташтыкты калыбына келтирүү керек” деди Лавров.

Ошондой эле Украина боюнча айыптоолорду четке кагып, Минск келишимдерин сактабай жатат деп Украинанын өзүн айыптады.

Андан бир нече саат мурда АКШнын вице-президенти Майк Пенс Украинага кийлигишкени үчүн “Орусияны жоопко тартууну” улантышарын айткан. Ошол эле учурда Вашингтон Москва менен бир пикирге келүүгө умтулуп жатканын, Дональд Трамп аны мүмкүн деп эсептерин кошумчалаган.

Москва Вашингтон алакасына токтолгон Лавров "прагматизм чегиндеги, эки тараптуу сый мамиле" күткүсү келерин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG