Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Чоң-Алайда кар көчкүдөн 4-класстын окуучусу набыт болду


Дагы бир бала изделүүдө. 19-февралда таңкы саат 5:30 чамасында Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында кар көчкү түшүп, эки турак үйдү басып калган. Кар көчкү басып калган үйлөрдөн 11 киши куткарылган.

Куткаруу иштеринин натыйжасында эртеден бери дайынсыз болуп жаткан эки жаш баланын бири 4-класста окуган кыздын жансыз денеси табылды, экинчиси изделүүдө.

Кырсыкка байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ окуя катталган жерге чыгып кетти. 30дан ашуун ӨКМдин куткаруучулары тартылды.

Ошондой эле №16 жол тейлөө ишканасынан бир грейдер, бир жүктөгүч жана “КАЙДИ” ишканасынан бир жүктөгүч техникалары иш алып барышууда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG