Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жогору.
21-февралда жаа-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3,
Талас жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10....-15, күндүз -2...+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -22...-27, күндүз -5...-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28...-33, күндүз -6...-11 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -8...-10, күндүз +1...+3.