Петро Порошенко буга Орусия тараптын Украина чыгышындагы жикчилдер тарабынан берилген паспортторду расмий таануусун себеп кылууда. Ал муну 21-февраль күнү Евробиримдиктин комиссары Христос Стилианидес менен жолуккан учурда билдирди.
Кремль өзүнүн чечимин жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын тургундарына жардам берүү максаты менен түшүндүрүүдө.
18-февралда расмий Москва президент Путиндин жарлыгын жарыялаган. Анда Украинанын Луганск жана Донецк облусунда жашаган адамдарга жикчилдер тарабынан берилген документтер Орусия тарабынан таанылары айтылган.