Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алманбет Шыкмаматовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети суракка чакырды. Эл өкүлү “Азаттык” радиосуна билдиргендей, анын адвокаты бүгүн башка иштер менен сотто жүргөндүктөн, атайын кызматка 24-февралда баруу боюнча кат жолдонду.
- Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык адвокат ходатайство берип, сурак күнүн жылдырууда. Буга мыйзам жол берет. Мен өзүм бүгүн суракка барууга даярмын. Бирок адвокат чогуу барганыбыз туура экенин билдирди,- деди Шыкмаматов.
Башкы прокуратура Шыкмаматовдун үстүнөн 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Ал 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөрүүгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат.
Башкы көзөмөл органы ишти УКМКга өткөрүп берген.(SE)