УЕФА Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалында Англиянын «Манчестер Сити» клубунун оюнчулары өз талаасында Франциянын «Монако» клубун утуп алды. Шаршембиге караган түнү Манчестер шаарында болгон биринчи оюн англиялык команданын пайдасына 5:3 эсебинде аяктады.
Жарым чейрек финалдык таймаштардын Леверкузенде болгон дагы бир оюнунда Испаниянын «Атлетико» клубу Германиянын «Байер» командасын - 4:2 эсебинде жеңип алды.
Аталган жуптардын жооп иретиндеги кезектеги беттештери 8-мартта өтөт.
22-февралда испаниялык «Севилья» менен англиялык «Лестер Сити», экинчи беттеште португалиялык «Порту» менен италиялык «Ювентус» беттешет.