Австрияда өтө турган Дүйнөлүк VII атайын кышкы олимпиадага Кыргызстандан үч спортчу барат. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, алар - Асел Алмазбекова, Дастан Алмазбек уулу жана Марлиз Абдунасыров.
Спортчуларды машыктыруучулар Адел Мамбеталиева, Улан Шайрахунов жана делегация жетекчиси Айбек Раимбеков коштойт.
Бул спорттук таймаштын максаты - психикалык жактан жабыркаган адамдарды коомго аралаштыруу.
Грац жана Шладминг шаарларында 14-марттан 24-мартка чейин өтчү олимпиадага 8 жаштан 22 жашка чейинки спортчулар катышып, спорттун сегиз түрүнөн мелдешет. (SE)