Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов 22-февралга суракка чакырылган эле. Бирок адвокаты бош эместигине байланыштуу сурак 24-февралга которулган.
Башкы прокуратура Шыкмаматовго 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Ал 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөрүүгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Бул ишти тергөөнү УКМК колуна алган.(ZKo)