Кыргызстандын аймагында 25-февралда түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9;
Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9;
Нарында түнкүсүн -21...-26, күндүз -7...-12;
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6 градуска чейин жогорулайт;
Бишкекте 25-февралда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1...3, күндүз 7...9 градус жылуу болот.