Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Ферганада завод жарылуусунан алты киши мерт болду


Ферганадагы азот заводу.
Ферганадагы азот заводу.

Өзбекстандын Фергана шаарындагы “Фергана азот” химиялык заводундагы жарылуудан алты киши мерт болуп, бирөө оор абалда ооруканага түшкөнү ырасталды.

- Аммиак цехинде оңдоо иштери болуп жаткан. Курулмадан аммиак газы сызылып чыгып, ошол жердеги ширетүүчүнүн учкунуна чагылып, чоң жарылуу болгон, - деди акимчилик өкүлдөрүнүн бири.

Кырсык 23-февралда саат 16-30 чамасында болгон. Учурда өкмөттүк иликтөө комиссиясы түзүлдү. Мерт болгондордун жакындарына кенемте төлөп берүү маселеси каралууда.

1958-жылы ачылган «Фергана азот» – Өзбекстандагы азот жер семирткичтерин өндүргөн ири ишкана. Завод жылына 270 миң тонна карбамид жана 350 миң тонна аммиак селитрасын чыгарат.

XS
SM
MD
LG