Ушу тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин митинги башталганы жатат. Партия мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "митингибиз мөөнөтсүз болот, биз Текебаевди кое беришмейинче турабыз" деп билдирди.
Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү "Манас" аэропортунан Стамбулдан Бишкекке келген маалда кармалган. Башкы прокуратура ага орус жаранына байланыштуу "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. (RK)