Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Президент апрель окуясынын катышуучуларын кабыл алды


Апрель окуясында каза тапкандар.
Апрель окуясында каза тапкандар.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-февралда 2010-жылдагы апрель окуясында жабыркагандар менен жолукту. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушуу "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "Эр теги", "Апрель байрагы" коомдук уюмдардын өтүнүчү менен болгон. Анда өлкөдөгү азыркы абал, Апрель революциясынын жети жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар талкууланды.

"2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун туугандары, жаракат алгандар жана ошол кезде Бишкекти талап-тоноо менен мародерчулуктан коргогон активисттер айрым саясатчылардын кылган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен качуу аракетине кыжырдануу билдиришти. Өзгөчө коррупция менен мародерчулукка аралашкан адамдар Апрель революциясынын баатырларына көлөкө түшүрүп эле тим болбостон, уурулук жана паркорчулук үчүнжаза тартуу мөөнөтү келгенде кайра алардын атына жамынып жатканын айтышты" , - деп айтылат президенттик аппарат тараткан билдирүүдө. Маалыматка караганда, Атамбаев алардын кайгысын бөлүшөрүн айтып, ошол эле маалда мыйзамдуулукка чакырган. Укук коргоо органдары баарын териштирип, мыйзам бузгандарды жазалайт деген ишенимин кошумчалаган.

28-февралда апрель окуясында жабыркагандар "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жазалансын деген талап менен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү "Манас" аэропортунан Стамбулдан Бишкекке келген маалда кармалган. Башкы прокуратура ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКга өткөрүп берген. Буга депутаттын партиялаштары, тарапкерлери нааразы болуп аны бошотууну талап кылып жатышат.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (NT)

XS
SM
MD
LG