Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Текебаевдин тарапкерлери Ош-Бишкек жолун тосууга аракеттенүүдө


Базар-Коргондогу жол тосуу аракети.
Базар-Коргондогу жол тосуу аракети.

Базар-Коргон районунун Акман айылында "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Ош-Бишкек каттамын тосууну көздөп жатышат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, ушул тапта жолду буу үчүн топтолгондордун саны жүзгө жакын. Аларды күч кызматкерлери таратууга аракеттенип, бирок эки тарап тиреше кеткен.

Азыр нааразы тараптын аракетине жол бербөө үчүн келген күч кызматкерлеринин саны көбөйгөн.

Базар-Коргондо Текебаевдин бошотулушун талап кылган митинг эки күндөн бери өтүүдө. Бүгүн райондук акимчиликтин алдына боз үйлөр да тигилген. Ал жерде 300дөй адам Текебаевдин камалышын мыйзамсыз деп атап, аны чыгарууну талап кылууда. (NT/RsK)

Текебаевдин тарапкерлери Бишкек-Ош жолун тосууга аракеттенүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

XS
SM
MD
LG