27-февраль күнү сот Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду эки айга камакка алган бөгөт чарасын колдонгонуна байланыштуу “Алайкуу коому” тынчсыздануусун билдирүүдө.
Коом өкүлдөрү Чотоновго карата тергөө ишинин калыс, акыйкат жана ачык-айкын өтүшүн камсыздоону президент Алмазбек Атамбаевден талап кылган кайрылуу кабыл алышты.
“Алайкуу коому“ 27-февралдын кечинде чукул чакырылган жыйынында Чотоновду коргоо комитетин түзүү чечимин бир добуштан кабыл алды.
Бул тууралуу коргоо комитетинин төрагасы Бакыт Калпетов “Азаттыка” 28-февралда билдирди.
Анын айтымында, учурда комитет мүчөлөрү Дүйшөнкул Чотоновдун укугун коргоо чараларынын үстүндө иштөөдө.
“Алайкуу коомунун” кайрылуусунда Чотонов кезинде Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны сактап калуу комитеттерин түзүп, 2005 жана 2010- жылдардагы элдик ыңкылаптардын башында турганы жана Июнь коогасында кагылышууну токтотууга салым кошкондордун бири болгону көрсөтүлгөн.
Чотонов "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү болчу. Ал 26-февралда "Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишке байланыштуу УКМКга чакырылган. 27-февралда эки айга камакка алынды. Ага “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча иш козголгонун УКМК кабарлады. (KJ/RK)