Кытайдын Улуу-Чат аймагында Кыргызстандын отуздай оор жүк ташуучу автоунаалары кармалып турат. Бул тууралуу оор жүк ташуучулар бирикмесинин төрагасы Иса Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Кытайдын Транспорт министрлиги кыргызстандык жүк ташуучу машинелердин үстүнө жабылган чатырды темир контейнерге алмаштыруyну талап кылган.
Айдоочулар бирикмеси мындай талап эч бир стандартка туура келбей турганын жана автоунаалар коңшу өлкө бажысынан өтүп жаткан учурда тенттерге эч кандай доомат койбогонун айтууда.
Мындан улам оор жүк ташуучулар бирикмеси маселе тез арада чечилбесе, Транспорт жана жолдор министринин кызматтан кетишин талап кылып, акцияга чыгабыз дешүүдө.
Улуу-Чат аймагы Кытайдын Кашкар шаары менен Кыргыстандын чек арасынын ортосунда жайгашкан. Учурда кыргызстандык автоунааларга бул жерден эч кайда жылууга уруксат берилбей жатканы кабарланды. (YI)