Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Сирия бийлигине каршы санкция каралат


БУУнун Коопсуздук кеңешинин олтуруму.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин олтуруму.

Жарандык согуш учурунда уулуу газ колдонгону үчүн Сирия өкмөтүнө каршы санкция киргизүү демилгесин АКШ жана Европа өлкөлөрү көтөрүүдө.

Резолюция долбоору бүгүн добушка салынары күтүлүүдө, бирок Орусия ага каршы чыгарын билдирүүдө.

Президент Башар Асаддын өнөктөшү Москва 2011-жылдан бери БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы жаңжалга байланыштуу алты резолюциясына вето салган.

Улуттар Уюмунун буга чейинки иликтөөлөрү Сириянын өкмөттүк аба күчтөрү 2014-2015-жылдары оппозиция колунда турган үч кыштакка курамында хлор бар бомба таштаган деген бүтүмгө келген.

Башар Асаддын өкмөтү болсо ал жарандык согуш учурунда химиялык курал колдонгон деген маалыматтырды төгүндөпкагып келет. Орусиянын пикиринде, БУУнун иликтөөсү учурунда табылган далилдер Коопсуздук кеңеши чара көрүүсү үчүн жетишсиз. (UE)

XS
SM
MD
LG