Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Люберецтеги өрттөн кыргызстандыктар жапа чеккен жок


Москва облусунун Люберец районундагы өрт чыккан кампада Кыргызстандын сегиз жараны иштейт. 28-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү өрт чыккан жерге барып, алар менен жолугуп келген. Жолугушууда өрттөн кыргызстандыктар жабыркабаганы маалым болуп, бирок мекендештер кыскартууга туш болуу коркунучу бар экенин билдиришкен. Элчиликтин өкүлү ишкана ээлери менен сүйлөшкөн учурда алар кыргызстандык жумушчулардын иш орду сакталарын маалымдашкан.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, Люберецтеги өрттүн көлөмү алты миң чарчы метрге жеткен. Таңкы саат төрттө башталган өрт кечки саат 17:30га чукул өчүрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG