Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Трамп терроризмди жер бетинен жок кылууну убада кылды


Дональд Трамп жыйында.
Дональд Трамп жыйында.

АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте шайлоо алдында берген убадалары четинен аткарылып жатканын айтты. Ал америкалыктарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн ири компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшкөнүн, көптөгөн компаниялар америкалыктар үчүн жаңы жумуш ордун түзүүгө макул болушканын айтып кетти. Президент Трамп өлкөнүн коопсуздугун сактоо үчүн айтылган убадалар да аткарыларын билдирип, АКШнын түштүк чек арасын бойлой улуу сепил куруларын айтты. Ал ошондой эле өлкөнү терроризмден коргоо үчүн болгон күчүн жумшарын белгиледи. Трамптын ырасташынча, 11-сентябрдагы террордук жардыруулардан бери жасалган ондогон терракттар өлкөгө кирип жаткан адамдарды текшербей киргизүүнүн кесепети:

-Биздин өлкөгө кирип жаткандар биздин баалуулуктарыбызды сыйлоосу керек. Америка террорчулар үчүн баш калка болбошу керек. Биз өзүбүзгө зыянын тийгизүүчүлөрдү өлкөгө кийирбейбиз.

Трамп учурда АКШ бийлигинин жаңы барагы башталып жатканын белгилеп, Америка кайрадан дүйнөдө лидер, алдыңкы жолбашчы катары чыгууга даяр деп кошумчалады.

АКШ президенти Дональд Трамп ушул тапта сенаторлор менен конгрессмендердин жалпы жыйынында сүйлөп жатат.

XS
SM
MD
LG