Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

КТРКнын жетекчиси жол кырсыгына кабылды


КТРК башкы директору Илим Карыпбеков.
КТРК башкы директору Илим Карыпбеков.

Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылып, ооруканага түштү. Учурда Бишкектеги №4 ооруканада ага операция жасалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинова “Азаттыкка” билдирди:

-Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун маалыматы боюнча, Карыпбековго операция жасалып жатат. Врачтар анын абалын туруктуу оор деп баалашууда.

Маалыматтар боюнча Илим Карыпбековдун автоунаасы 1-мартта таңкы саат үчтөрдө Бишкектеги түштүк магистралда кырсыкка кабылган. Унааны Карыпбеков өзү айдап бараткан.

Окуя боюнча Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы азырынча маалымат бере элек.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG