Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

Сегизбаев менен Жолдубаева парламентке чакырылды


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаева жана башка тиешелүү жетекчилер Жогорку Кеңеште маалымат берет.

Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү, 1-марттагы жалпы жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Жогорку Кеңеш Текебаевдин камалышына байланышкан маселени күн тартибине киргизди. УКМК төрагасын, Башкы прокурорду чакырып, маалымат алууну "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары, КСДПдан Жанар Акаев сунуштап, көпчүлүк эл өкүлдөрүнөн колдоо тапты. Бирок, алардын кайсы убакытта келерин төраганын ачык айтпаганына "ата мекенчилер" катуу нааразы болуп чыгып, төрага "саат 11.15те келишет" деген жооп кайтарды.

"Азаттык" парламент жыйынынан түз алып көрсөтөт.(NT)

XS
SM
MD
LG