Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Бакиров: Текебаев өлкөнү туңгуюктан алып чыккан тарыхый инсан

Мирлан Бакиров "Азаттык" радиосунун студиясында
Мирлан Бакиров "Азаттык" радиосунун студиясында

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров "Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин маселесин парламентте талкуулоо керек деп эсептейт. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал:

- Үч күндөн бери Базар-Коргондо жердештери тынчтык митингин өткөрүп жатышат. Аларды жапайычылык деп айрымдар атап жатат. Бул жапайычылык эмес, бул ошол жердеги депутаттардын, элдин үнүн жеткирүүнүн ыкмасы, - деди.

Ошондой эле Мирлан Бакиров Өмүрбек Текебаевди "мамлекет 2005, 2010-жылдардагы окуяларда туңгуюкта турганда укуктук жолго салган, тарыхый инсан" деп атап, анын камалышын калыс карап чыгууга, тиешелүү мекемелердин маалыматын угууга чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG