Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Карамушкина: Эл Текебаевдин ишинде УКМКны колдойт


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Кыргызстандын эли Улуттук коопсуздук комитетинин "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге карата жүргүзүп жаткан ишин колдойт. Бул тууралуу ушу тапта Жогорку Кеңештеги жыйында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Карамушкина 2010-жылдагы мародерлук кылгандар жоопко тартылыш керек деген оюн айтып:

- Мыйзам жазган Текебаев эмне үчүн жоопко тартылбашы керек? Тергөө мыйзам чегинде жүрүп жатат. Мыйзам бузган адам жоопко тартыларын ар бирибиз өзүбүздөн баштап көрсөтүшүбүз керек. Өзүнүн саясий ресурсунан колдонгондордун баары мыйзам алдында жооп берсин. Көздөн жаш төгүлүп, үйлөр өрттөнүп жатканда айрымдар жеке кызыкчылыгын көздөп, байыганга аракет кылган,- деди. (RK)

XS
SM
MD
LG