Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

АКШнын Мамдепартаменти Текебаевдин ишинен кабардар


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча жагдайдан кабар алып турганын билдирди.

“Белгилүү кыргыз оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышынан жана анын кармалышына байланыштуу митингдерден кабардарбыз”,-деп билдирди департаментин расмий өкүлү “Эркин Европа/ Азаттык" үналгысынын Вашингтондогу кабарчысы Карл Шрекке.

Буга чейин Европа Биримдиги жана Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясыТекебаевдин ишине тыкыр көз салып жатканын кабарлаган. Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму оппозициячыл депутаттын кармалышы тынчсыздануу жаратаарын белгилеп, бийликти бул ишти ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG