Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Митингчилер КТРКны көздөй жүрүшкө чыкты


КТРК имараты
КТРК имараты

Ак үй алдына "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылып чыккан митингчилер ушу тапта КТРКны көздөй баратышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна акциянын уюштуруучулары кабарлашты. Алардын айтымында, чогулгандардын саны 200-250дөй адам.

Башкы прокуратура Текебаевди орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде пара алган деп айыптап, ал эки айга камалды.

Саясатчынын тарапкерлери ал негизсиз айыпталып жатканын айтып, КТРК жана башка мамлекеттик телеканалдар бул окуяны калыс чагылдырбай жатканын белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG