Жапон өкмөтү Кыргызстандагы эки медициналык мекемеге гранттык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүн эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Заманбап медициналык жабдуу Нарындагы Ак-Талаа аймактык ооруканасына жана Ош облустук кургак учукка каршы борборго тапшырылат. (RK)