Орус президенти Владимир Путин Орусиянын допингге каршы системасы жакшы иштебегенин моюнга алды. Ал 2019-жылы өтө турган универсиадага даярдык боюнча жыйында сүйлөп жатып, Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин (ВАДА) билдирүүлөрүнө жана айрым кемчиликтерге карабай Макларен отчетторуна кулак салууга үндөдү.
“Бул – биздин ката”, - деди орус президенти.
Путин орусиялык спортто допинг колдонуунун фактылары табылганын, аларды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керектигин белгиледи.
Өткөн жылдын этегинде Макларен баяндамасынын экинчи бөлүгү жарыяланып, орусиялык бир миңдей спортчу Сочи олимпиадасында допинг тесттерди бурмалоого кириптер болгону айтылган.
Путин допинг колдонуу боюнча мамлекеттик система жок жана эч качан жок болчу деди.
Кызытма чырына байланыштуу орусиялык курама команданын бир бөлүгү былтыр Риодо өткөн жайкы олимпиадага барбай калган.