Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Үсөнов: Текебаевдин юристтеринин айткандары карандай калп


Алмаз Үсөнов.
Алмаз Үсөнов.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов бүгүн "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин юристтеринин бүгүн, 1-марттагы билдирүүсү боюнча пикирин айтты:

- Бул жөн гана абсурд эмес. Жана дагы бул жөн гана жалган эмес. Бул кылмыш жасагандыгы боюнча жалган билдирүү, ал үчүн, кылмыш жоопкерчилиги каралышы мүмкүн. Журналисттер алар тарабынан көрсөтүлгөн «документтердин» реалдуу экендигинен туура күмөн санашкан. Ырасын айтканда, Текебаевдин жардамчыларынын билдирүүсү Текебаевдин иши боюнча тергөөгө кыйыр басым жасоого багытталган. Бул - ушул ишке таза саясый боек берүү жана коомдук пикирди башка тарапка алып кетүү аракети. Анан дагы “Азаттык” радиосу аркылуу өлкө жетекчилигин дискредитациялоо жана реалдуу эркиндиги бар өлкөдө кырдаалды туруксуз кылуу багытында системалуу иш жүрүп жатканы өкүнүчтүү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев "Ата Мекен" фракциясынын юристтеринин "кыйраган учактагы жүк Атамбаевге жана анын жубайына таандык болгон" деген билдирүүсү боюнча Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылычтан түшүндүрмө сурады.

Түрк элчиси өз кезегинде учактагы жүк боюнча документтерди жасалма экенин айтты. Элчинин сөзү боюнча, Түркиянын атайын кызматы өзүнүн энбелгиси басылган жашыруун документтерди эч кимге бербейт.

Түркиянын элчиси муну “кимдир бирөөлөр бул чатакка түрк тараптын да тартылышын каалап жатат” деп белгилеп, Түркия башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын да ички саясатына кийлигишпесин айтты.

Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз журналисттерге маалымат жыйын куруп, быйыл 16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы Дача-СУ айылында кыйраган учактагы жүк Атамбаевге жана анын аялына таандык болгонун айтып чыгышкан. (NT)​

XS
SM
MD
LG