Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

Парламент Текебаев боюнча депутаттык комиссия түзбөй турган болду


Жогорку Кеңеш "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу өзүнчө депутаттык комиссия түзбөй турган болду.

Бул окуяга байланыштуу маселелерди буга чейин аталган фракциядан депутаттар Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иштер боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын алкагында кароо чечими кабыл алынды.

"Ата-Мекен" фракциясынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов бүгүн парламент жыйынында Башкы прокуратура менен УКМКнын маалыматын угуп, Текебаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун келтирген. (RK)

XS
SM
MD
LG