Шейшембиде Пакистан баш калаасына Иран жана Түркия президенттери келишти. Пакистан премьер-министри Наваз Шариф жогорку даражадагы жыйын региондун өнүгүүсүндө маанилүү учур болуп каларын белгиледи. Саммитте соода, энергетика, туризм, экономикалык өнүгүү, социалдык жана экологиялык маселелер талкууланууда.
1985-жылы Пакистан, Иран жана Түркия түптөгөн түзүм 1964-жылы негизделген Өнүгүү үчүн регионалдык кызматташтык уюмун алмаштырган. 1992-жылы ага Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Ооганстан кошулган. Конференция коопсуздук жагынан оор кырдаалда уюштурулууда.
Акыркы жумаларда Пакистанда экстремист согушкерлердин кол салууларынан улам бир катар иш-чаралар болбой калган эле. Жыйынга Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков да катышууда.