Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Бишкектин аялдамалары жаңыртылууда


Бишкек шаарында аялдамалар оңдоло баштады. Мэриядан бүгүн кабарлашкандай, Свердлов райондук акимчилиги быйыл жаңылана турган аялдамалар комплекси боюнча планын бекитти.

Ага ылайык, райондогу 35 аялдаманы жеке ижарачылар өз эсебинен оңдоп-түзөйт. Айрым жерлерге таштанды үчүн урналар, отургучтар орнотулууда.

Жаздын келиши менен шаар башкармалыгы көрктөндүрүү иштерин баштап, жалпысынан Бишкекте миллионго жакын түп гүл олтургузуларын маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG