Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

УКМК: "Ата Мекен" элди алдоого аракеттенүүдө


Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын 1-мартта Бишкектеги пресс-конференцияда айткандары абсурд. Мындай маалыматты УКМКнын пресс-кызматы таратты.

Мекеменин билдиргенине караганда, Текебаев "Манас" аэропортуна учуп келгенде анын өзү жана жана жүгү тинтүүгө алынган эмес.

"Текебаев жанындагы жеке буюмдарынын баарын өз колу менен жубайына өткөрүп берген" деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

"Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова Текебаев Кипрге болгон сапарында колуна Дача СУ айылындагы авиакырсыкка байланыштуу маанилүү маалымат тийгенин айтып, ​"укук коргоо органдары бул документти биринчи болуп алуу максатында Текебаевди чукул аэропорттон кармаган. Ошондуктан адвокат жолоткон эмес" деп билдирген жана учактагы жүк Кыргыз Республикасынын президентине жана анын жубайына таандык болгонун" айткан:

- Бул Түркиянын коопсуздук кызматынын эмблемасы (документтеги). Бул документте анын өзгөчө жашыруундугу тууралуу айтылат. Досьенин номери көргөзүлүп, Түркия Республикасынын президенттик аппаратынын башчысына багытталган. Кыргызстандын борбору Бишкекте 2017-жылдын 16-январында түркиялык жүк ташуучу учактын авиакырсыкка кабылышы боюнча биз тараптан жүргүзүлгөн чалгын -оперативдик иликтөөлөр натыйжада жыйынтык берди. Учактагы жүк: уюлдук телефондор, компьютерлер, буюм-тайымдар, электроника, акча, баалуу металлдар, таштар Кыргыз Республикасынын президентине жана анын жубайына таандык болгон. Жүктү салууну уюштурууга Түркиянын "Заарлуу жылан" деген жараны Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен катышкан.

Бул маалымат жарыялангандан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылычтан түшүндүрмө сурады.

Түрк элчиси өз кезегинде учактагы жүк боюнча документтерди жасалма экенин айтты. Элчинин сөзү боюнча, Түркиянын атайын кызматы өзүнүн энбелгиси басылган жашыруун документтерди эч кимге бербейт.

Түркиянын элчиси муну “кимдир бирөөлөр бул чатакка түрк тараптын да тартылышын каалап жатат” деп белгилеп, Түркия башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын да ички саясатына кийлигишпесин айтты.

Быйыл 16-январда Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, 39 адамдын өмүрүн алган. Анын ичиндеги жүк кимге таандык болгону али күнчө так айтыла элек.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов юристтин билдирүүсү боюнча:

- Бул жөн гана абсурд эмес. Жана дагы бул жөн гана жалган эмес. Бул кылмыш жасагандыгы боюнча жалган билдирүү, ал үчүн, кылмыш жоопкерчилиги каралышы мүмкүн, - деп айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG