Дача СУ айылынын окуучулары коңшу айылдардын мектептерине жетиш үчүн жети чакырымга чейинки аралыкты жөө басып өтүүгө мажбур болууда.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында сүйлөп жатып "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов билдирди:
- Ошол жерде мурдагы дача массивине кирген бир нече көчө бар. Жалпысанан 5 миңдей адам жашайт, алардын 1 миңдейи мектеп окуучулары. Аэропортко жакын жайгашкандыктан буларга айыл өкмөт түзгөнгө уруксат берилген эмес. Миңдей окуучу Манас айылына, 20-Хутор, Ат-Башы, Жаңы-Жер айылдарындагы мектептерге барып окууга мажбур. Айрымдарынын ортосундагы аралык 7 чакырымга чейин. Бала бакча, ФАП, мектеп жок.
Депутат Дача СУнун тургундары "эгер айыл өкмөт деген макам берилбесе башка жакка көчүрсө өзүбүз салып алат элек, андай мүмкүнчүлүк болбосо айыл деген макам алып, документтерди тууралаганга жардам беришсе" деп суранып жатканын кошумчалады.
Быйыл 16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы айылга жүк ташуучу учак кулап, 39 адам өмүрүнөн ажыраган. (RK)