Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:33

Бакиров: Бишкек-Ош жолунда жүрүүгө мүмкүн болбой калды


Ош-Бишкек жолу.
Ош-Бишкек жолу.

Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров Бишкек-Ош каттамынын абалына кайрылды. Эл өкүлү жолду оңдоо боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлүп, бирок көптөн бери аткарылбай жатканын белгиледи:

- Жолдун тамтыгы чыгып бүттү, жүрүүгө болбой калды, авария көбөйдү. Көп жылдан бери биз айткандан тажабадык, өкмөт убада бергенден тажаган жок, эч жылыш жок. 2014-жылы жолдун Бишкек-Кара-Балта жана Жалал-Абад-Маданият участогун калыбына келтирүү боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлгөн. Ошондон бери каражаттан да, жолдон дагы дайын жок. Транспорт министрлиги калпын качан токтотот? Бишкек-Кара-Балта жана Жалал-Абад-Маданият участогун калыбына келтирүү боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү эбак эле өтүп кеткен. Анын шарттарына ылайык, создуктурган тарап жоопкерчилигин тартат. Келишимдин аткарылбай жатканына ким күнөөлүү? Документтин тагдыры азыр кандай абалда? Жол курулушу качан башталат? Бул тууралуу алигиче так маалымат жок.

Бакировдун айткандарын бир нече депутат колдоп, трассанын абалы үчүн өкмөт менен жолдор министрлигин сындашты. Аларга жолду өз көзү менен көрүп, кыдырып келүүнү жана оңдоп чыгууну сунушташты. Бишкек-Ош каттамында асфальт жешилип, чуңкурлар жана жол тыгындары көбөйүп кетти деген сын пикир коомчулукта кыйладан бери айтылып келатат. (NT)

XS
SM
MD
LG