Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Кыйноого каршы борбор Текебаевдин абактагы шартын текшерди


Кыйноолорго каршы улуттук борбор өкүлдөрү "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин абалы менен таанышты. Мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов бүгүн "Азаттыкка" билдиргенине караганда, жолугушуу кечээ болду, Текебаев тергөө абагындагы шартка дооматы жок экенин айтып берди:

- Тергөө изоляторунун кызматкерлерине дооматым жок, керектүү дары дармектерим бар деп көрсөттү. Эки адвокаты бар экен. Тергөө ишине байланыштуу айтып келатып өзү токтоп калды. Себеби биздин мандат башка да. Колдон келсе дагы кайталап кандын уюшу боюнча тактоо иретинде анализ тапшырсам деген каалоосун айтты. Өзүнүн дарылоочу догдуру кирип-чыгып турат экен. Тергөө абагынын фельдшери кан басымын текшерип турат экен.

Сулайманов анализ тапшыртууга уруксат алыш үчүн УКМК жетекчисине кат жолдонгонун, 3-мартта да Текебаев менен жолугарын кошумчалады.

Жолугушууга Сулайманов менен кошо ал жетектеген мекеменин эки кызматкери да катышты.

Кыйноолорго каршы борбор Кыргызстандагы жабык жайларда адамдарды кармоо шартына мониторинг жүргүзүү максатында түзүлгөн. Ал камактагылардын тергөө иштерине кийлигишпейт.

Өмүрбек Текебаевди Башкы прокуратура орус жаранынан пара алган деп айыптоодо. УКМКнын тергөө абагында жаткан саясатчы бул айыпты четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG