Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Орус элчилиги унаа кырсыгында күйөөсүнөн айрылган аял менен жолугат


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү Бишкекте орус жараны катышкан жол кырсыгында набыт кеткен Евгений Лексиндин жесири Нелли Лексина менен жолукмай болду. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна Нелли Лексина билдирди.

"Жолугушуу жакында болот, бирок качан экенин так айта албайм, балким эмки жумада", - деди ал.

Элчилик өкүлдөрү менен жолугушууга маркум айдоочу эмгектенген ишкананын директору да катышат.

"Элчиликтин кеңешчиси телефон чалды. Ал биринчи болуп кечирим сурады, көңүл айтты. Бардык маселени талкуулоого даяр экенин билдирди», - деп кошумчалады Лексина.

Нелли Лексинанын күйөөсү, 62 жаштагы Евгений Лексин жүк ташуучу “Мерседес” унаасын айдап баратып 16-февралда кырсыкка кабылган. Алган жарааты өтө оор болгондуктан ал бир нече сааттан кийин ооруканада көз жумган.

“Манас” аэропортуна кетчү трассада болгон бул окуянын күбөлөрү тартып алган бир нече видеотасмада көрүнүп тургандай, Лексин унаасына май куйдуруп, жаңыдан жолго чыкканда аны оң жагынан катуу ылдамдыкта келаткан “Тойота Прадо” жолтандабас сүзгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG