Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Авиакырсыкта жабыркагандарга чогулган акча 94 миллион cомдон ашты


Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине 2-мартка карата 94 миллион 637 658 сом түштү. Акча топтоо уланууда. Эсеп төмөндө көрсөтүлгөн.

Каалоочулар сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка валюта түрүндө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын кызматкери Динара Сарбашева топтолгон акча үчүн жооптуу. Толук маалыматты төмөндөгү телефондорго чалып алса болот: 0312 54 79 01, 0770 95 00 02.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги апааттын чыгымы 187 миллион сомдон ашарын билдирген. (SE)

Банк эсеби
Банк эсеби

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG