Ушул апта соңуна чейин Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр аралаш кар жаайт. Тоолорго жана тоо этектерине кар түшөт. Зымдарга жана дарактарга суу кар жармашат. Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар.
3-мартта мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде бурганак болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1...-6,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4,
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз -2…+3,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3...+2,
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10,
Бийик тоолуу райондордо күндүз -27…-32, күндүз -6 -11.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -5...-7, күндүз -1…-3 градус болот.