Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:33

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу 2-мартта парламентте билдирди. Жыйында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Аны талкуулоо учурунда депутаттар аз маяна алган мугалимдердин ипотека менен үй алышы мүмкүнбү деп суроо салышты. Үсөнакун уулунун маалыматына караганда, өлкөдөгү 77 миң мугалимдин, 25 миңге жакыны турак жайга өтө муктаж.

Кыргыз өкмөтү “Жеткиликтүү турак жай” программасын ишке ашыруу үчүн былтыр Мамлекеттик ипотекалык компаниясын түзгөн. Муну менен бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай алуу, куруу үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берүү каралган. Коомчулукта бул шарттар мамлекеттик кызматкерлерге ыңгайсыз деген пикирлер арбын чыккан. Натыйжада, программага өзгөртүүлөр киргизилип, эми өлкөнүн бардык жарандары ипотекалык жеңилдиктерден пайдалана ала турган болушту. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG