Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтары менен сурак берерин айтууда


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кыргызстанга 25-мартта кайтат. «Азаттык» радиосуна бүгүн билдиргенине караганда, ал келери менен сөзсүз сурак бергени барат.

Жапаровдун айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттерине кат жөнөтүп, аны өлкөгө киргизбөө талабын койгон. «Мен бул тууралуу интернеттен билдим», - деди ал.

Экс-депутат кошумчалагандай, бир нече күн мурда тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү анын айылына барып, "бир иш боюнча күбө катары чакырылып жатканын" айтып кетишкен.

«Мен Кыргызстанда эмес экенимди алар билет. Өлкөдөн Башкы прокуратуранын уруксаты менен чыккам. Мага каршы кылмыш иш жок жана болушу да мүмкүн эмес», - дейт Жапаров.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Садыр Жапаров УКМКга күбө катары суракка чакырылып жатканын жазып чыгышкан.

Улуттук коопсуздук комитети жана Чек ара кызматы бул маалымат боюнча азырынча комментиарий бере элек.

“Ата-Журт” партиясынын мурдагы теңтөрагасы Садыр Жапаров 2012-жылы "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг учурунда башаламандык чыккан. Буга байланыштуу "Ата-Журт" партиясынан депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыпталып, бир жарым жылга соттолушкан. (BK)

XS
SM
MD
LG