Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:57

Орусиядагы кыргыз дипломаттары Урмат Мырсакановго ийгилик каалады


Урмат Мырсаканов
Урмат Мырсаканов

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү Москвада эл аралык өнөр таймашына катышып жаткан кыргызстандык окуучу Урмат Мырсаканов менен жолугушуу уюштурду.

Элчиликтен кабарлашкандай, жолугушууга анын продюсери Анастасия Пак да катышты.

Дипломаттар жаш таланттын репетицияларына катышып, жашоо шарттары менен таанышты жана белектерин тапшырышты.

11 жаштагы Урмат Мырсаканов Москвага 17-январда учуп барган. "Сен суперсиң!" долбоорунун биринчи турунда ал жеңүүчү аталып, экинчи турга өттү.

Бул ыр сынагы ата-энесинин камкордугунан ажыраган таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Ага мурдагы союздук республикалардан 92 бала катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG