Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Ооруканалар бейтапты электрондук каттоого өтүүдө


Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканаларда электрондук каттоо системасын киргизүүдө. Мекеме бүгүн тараткан маалыматка караганда, учурда Чүйдүн Жайыл районунда стационардык дарылануудагы бейтаптарга атайын электрондук карта ачылып жатат. Анда ооруканага кайрылган учурдан тарта дарылануусу аяктап, бошогонго чейинки медициналык тейлөө тууралуу бардык маалымат катталып турат.

Министрликтин пикиринде, мындай ыкма медициналык документацияны жүргүзүүгө, диагностикалык кызматтар ортосундагы маалымат алмашууга кеткен убакытты кыйла үнөмдөйт жана бейтапка көбүрөөк көңүл бурууга жакшы шарт түзөт.

Келечекте мындай система бардык ооруканаларда иштей баштамакчы. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG