"Кыргыз судья аялдар ассоциациясы” коомдук бирикмеси Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору менен бирге “Лидер аялдар муундарынын кызматташтыгы” долбоорунун алкагында журналисттер арасында уюштурган сынагында "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова жеңүүчү деп аталды.
Сынакка алтымышка жакын ММК өкүлү катышып, он кабарчынын эмгеги мыкты деп таанылды.
Айгерим Акылбекованын “Мен айткандан коркпойм” тасмасы жеңишке жетти. Бул тасма өспүрүмдөргө көрсөтүлгөн зомбулукту баяндайт. Баш каарманды агасы он беш жашында зордуктап, төрт жылкы күрөштөн кийин ал акыйкаттыкка жеткен.
Тасма буга чейин адам укуктарына арналган эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалын ачкан.(AAk)