"Ата Мекен" фракциясынын лидери өзүнүн камалышын бийликтин атайылап жасаган чагымы, саясий куугунтугу деп эсептейт. Өмүрбек Текебаев бул сөздөрүн адвокаты аркылуу айттырган. Камактагы депутаттын адвокаты Искен Афиджанов Текебаев аягына чейин бекем турарын "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Ал өзүнүн таптаза экенин билет, анын эч кандай коррупцияга байланышы жок. Ошондуктан ал аягына чейин, чындыкка жана адилеттүүлүккө жетүү үчүн күрөшөм деп айтты.
1-март күнү Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү камакта жаткан Текебаевдин абалы менен таанышып чыгышкан. Анда Текебаев тергөө абагындагы шартка дооматы жок экенин айткан. УКМКнын тергөө абагында оппозициялык саясатчы камерада жалгыз жатат.
"Ата Мекен" партиясынын лидери 26-февралда Венадан кайтып келгенде "Манас" аэропортунан кармалган. Ага Башкы прокуратура орусиялык жарандан пара алган деген айып тагып, "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Биринчи Май райондук соту Текебаевди эки айлык мөөнөткө камоо тууралуу чечим чыгарган. (ZKo)