Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:14

Пакистандын статистика бюросу быйыл март айында 19 жылдан кийин эл каттоо жүргүзүүгө камынууда. Эсеп комиссиясынын башчысы Асиф Башванын маалыматы боюнча, эл каттоо жүргүзгөн кызматкерлердин коопсуздугун аскерлер камсыздайт. Өлкөдөгү саясатчылар эл каттоонун жыйынтыгы айрым аткаминерлердин аймактардагы таасирин түшүрүш ыктымалдыгына тынчсызданышууда. Эксперттердин болжолунда, өлкөдөгү элдин 60% отуз жашка чейинкилер түзгөнүнө байланыштуу өзгөрүүлөр чоң болуусу ыктымал.

2015-жылы Дүйнөлүк банк Пакистандагы элдин саны 189 миллион киши деп билдирген. Бирок бийлик 1998-жылкы маалыматты карманып, элинин санын 137,7 миллион деп келет. 1951-жылы өлкөдө 33,8 миллион киши бар болчу.

XS
SM
MD
LG