Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Жалал-Абадда туу жана ак калпак күнү белгиленүүдө


Жалал-Абад шары, 3-март, 2017-жыл
Жалал-Абад шары, 3-март, 2017-жыл

Жалал-Абад шаарында бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик туусунун жана ак калпактын күнү белгиленүүдө.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы маалымдагандай, шаардын ар тарабынан калпак кийип, колуна желек кармаган эки миңден ашык жаш тургун жана мекеме, ишканалардын кызматкерлери жөө жүрүш менен борбордук аянтка келишти. Мамлекеттик гимн ойнотулуп, аянтта илинип турган туу жаңыртылды. Чогулгандардын алдына шаар мэри Салайдин Авазов чыгып, куттуктоо сөзүн айтты.

Кыргызстанда 3-март мамлекеттик туу күнү. Ал эми 5-март соңку жылдары ак калпак күнү катары белгиленип келүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG