Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Президент коопсуздукту талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-мартта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда Куралдуу күчтөрдүн азыркы талаптарга жооп берген түзүмдөрүн түзүү, башкаруу органдарын оптималдаштыруу, бөлүмчөлөрдүн күжүрмөн жана ыкчам даярдыгын арттыруу, аскер кызматкерлерин техникалык жактан жабдуу жана социалдык камсыздоону жакшыртуу боюнча президент койгон милдеттерди ишке ашыруу чаралары тууралуу сөз болду.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев менен Раимберди Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрдүн куч-кубатын арттыруу боюнча комплекстүү иштерди улантуу максатында Кыргызстандын чет жердик өнөктөштөрү менен аскерий-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашты. (RK)

XS
SM
MD
LG